Мазмунга өтүү

Особо Василий Варфоломеевич

Википедия — ачык энциклопедия

Особо Василий Варфоломеевич (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – Түштүк Кыргызстан жана Фергана өрөөнүндө революциячыл кыймылды жайылтуучулардын бири. РСДРПнин Жаңы Маргалаңдагы тобунун өкүлү (1906). 1905-ж. октябрда аскерге алынып, ал жерде революциячыл ийримдерди уюштуруп, жашыруун адабияттарды таркаткандыгы үчүн 1906-ж. ноябрда камакка алынып, Самаркандга, кийин Оштогу штраф ротасына айдалган. Бул ротада социал-демократтар тобун уюштуруп, Сулайман тоодо солдаттар менен шаардык кембагалдардын саясий жыйынын өткөргөн. Полициянын куугунтугунан улам 1906-ж. 16-декабрда «В. Н. Голубев» деген ысымга жамынып, Оштон качып кеткен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]