Остеопороз

Википедия дан
Остеопороз

Остеопороз (латын тилинен osteoporosis) — сөөк тканынын структурасынын сейректенүүсү.
Белгилүү жердеги жана жалпы зат алмашуунун бузулушунун кесепетинен болот. Көбүнчө остеомиелитте, Иценко-Кушинг оорусунда, муундун сезгенүү ооруларында, ири кан тамыр жана нерв жабыркоочу травмада (айрыкча сыныкта), күйүктө жана үшүккө алдырууда, полиомиелит жана башкалар нерв системасынын жабыркоосунда, ошондой эле преднизолон менен узак убакыт дарылоодо, ууланууда (мисалы, рактын кийинки стадиясында) байкалышы мүмкүн. Рентгендик изилдөөдө гана билинет.
Остеопороз темгилдүү, жайылган, айрым жердин жана системалуу болуп айырмаланат.
Остеопороз демейде негизги ооруну дарылаганда эле айыгып кетет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8