Остроградский Михаил Васильевич
Остроградский Михаил Васильевич [12 (24). 9. 1801, Украина, азыркы Полтава губерниясы, Пашенная кыштагы – 20. 12.1861 (1. 1. 1862), Полтава шаары] – орус математиги, Петербург ИАнын академиги (1830). Харьков университетинде окуган (1816–20), кийин Парижде О. Коши, П. Лаплас, Ж. Фурьелердин лекциясын уккан. Остроградскийдин негизги эмгектери математикалык анализ, теориялык механика, математикалык физика, сандар теориясы, ыктымалдык теориясына арналган. Ал тегерек цилиндр формасындагы бассейндеги суюктуктун бетиндеги толкундун таралуусу жөнүндөгү маселени чыгарган (1826). Ал катуу нерсе жана суюктукта жылуулуктун таралыш теориясы боюнча дифференциалдык теңдемесин жана бир эле мезгилде математикалык анализ боюнча: көлөм боюнча алынган интегралды бет боюнча алынган интегралга өзгөртүп түзүү формуласын (Остроградский формуласы) тапкан, дифференциалдык оператор түшүнүгүн киргизген, функциянын өздүк функция боюнча катарга ажыроо принцибин жана тригонометриялык катарды топтоо принцибин түзгөн. Остроградский кош жана үч ирет интегралдагы өзгөрмөсүн өзгөртүп түзүүнү чыгаруу эрежесин жана интегралдын рационалдык бөлүгүн бөлүп алуу методун (Остроградский методу) берген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7