Мазмунга өтүү

Оттукташ Уста

Википедия — ачык энциклопедия

Оттукташ Уста (Туулган, өлгөн жылдары белгисиз) — уста. Сарбагыш уруусунан чыккан. Небереси уста Канташ уулу Капардын баяндоосу боюнча болжолдо Ысык-Көлдүн көңгөйүндө (ЧоңСары-Ой) төрөлгөн.

Уста Кашкардагы Ак үйлүүгө (элчилигинде) кызмат өтөп, ошол тараптан устачылыкты, табыпчылыкты, серчиликти, дарыгерчиликти, темирчиликти үйрөнөт. Оттукташ Дөөтүнүн ишенимдүү шекити катары бааланган. Туубастын дарысын ийлеген, жайында жоро-жолдоштору менен бастырганда, эли көчкөндө төбөсүндө булут пайда болуп, көлөкө кылып жүргөн. Бир атактуу адамдын кызы өлгөндө арчадан табыт жасайт, анын устачылыгына ошол улуктун көзү тийип өлгөн деген сөз уламыш катары айтылып жүрөт. Оттукташ сайлаган бараңдын огунун учуу ылдамдыгы отуз тайлактын күчүнө барабар болгон дешет. Устанын жекече узануу ыкмаларынын айрым кереметтерин эч ким үйрөнө албай, өзү менен кошо кеткен. Анын устачылык мектебинен уулдары Санташ, Балташ, Шамшидин ж. б. тарбияланып чыгышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0