Оттукташ уулу Санташ

Википедия дан

Оттукташ уулу Санташ (Туулган, өлгөн жылдары белгисиз) — санташ замандаштарынын айтымында чоң уста болгон.

Анын зер буюмдары Нарын, Көл тараптан учурайт. Тарых, сүрөт, этнографиялык музейлерге экспонатталган. Ал кармаган нускалардын үлгүлөрүн иниси Балташ, Шамшидин чыгармачылыкта өнүктүрүшкөн. Уста атасы Оттукташтын стилинде узанган. Анын Жети-Өгүз районунун Покровка айылындагы Ысагаалы кызы, Барскан келини Чүйтүнүн себине узанган желбирөөчүндө күмүшү темирге жалатуу, ага «сыя төгүү», ичке созулган күмүштү чыйратуу аркылуу калакчаларын шурулоо өңдүү жекече ыкмалары байкалып турат. Желбирөөчтүн өзү бир аттык баага татыйт. Ал 1974-ж. Кыргызстан мамлекеттик музейине экспонатталган. Эр кемерине күмүш алкак жалаткан. Өзү Ормонкандын чөбөрөсү болгондуктан куугунтукка да алынган. Санташтын бүгүнкү шакирти Сыдыкбек уулу Шайыптын (Тянь-Шань району, Лахол айылы) айтуусунда Санташты жоро-жолдоштору кыйнап, усталыгын даана билүү үчүн кылыч жасатышкан. Санташ жолдошторунун өтүнүчүн аткаруу үчүн аларды туш тараптан каратып коюп узанган. Бүткөндөн кийин арыктагы жыл-жып аккан кичинекей суунун үстүнө үлпүлдөк кийизди агызып, ага кылычтын мизин тосуп сууга сайып койгон. Кийиз кылычка жеткенде жара тилинип кеткен. Демек уста темирдин сырын, уузун укмуштай билген уста болгон. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0