Оттук кремнезём кени
Көрүнүш
Оттук кремнезём кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эңилчек кыштагынан 60 км аралыкта, Оттук суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 3300 м бийиктикте. 1985-ж. геол. cъемка жүргүзүү убагында табылган. Төмөнкү палеозой мезгилинин бүркүт жана олжобай свиталарынын катмарларынын арасында. Мында эни 1–1,5 км болгон, кристаллдуу кварцтан турган лидит жана фтаниттин тилкеси байкалат. Алардагы кремнезёмдин өлчөмү 81,76–95,14%, органикалык заттыкы – 0,1–4,85%ке чейин жетет. Лидит жана фтаниттердин отко чыдамдуу материал катары колдонулушу илим-изилдөө иштеринин негизинде аныкталган. Ресурсу көп деген жыйынтык чыгарылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7