Мазмунга өтүү

Оттук талаа шпаты кени

Википедия — ачык энциклопедия

Оттук талаа шпаты кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 20 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте. 1985-ж. "Средазкварцсамоцветы" экспедициясы издөө-баалоо иштерин жүргүзгөн. Кызыл-Омпол ири кристаллдуу сиенит интрузиясында, узундугу 1000 мге созулган орто бүртүктүү сиенит-диориттердин дайка сымал тулкусунда, талаа шпатынын өңү кубулуп туруучу кристаллдары кездешет. Кристаллдардын өлчөмү 10–12 см, түзүлүшү б–ча ортоклазга тийиштүү, өңү боз, ачык-боз саргыч-боздон, күмүш сымал-актан, ачык-көктөн тунук-көккө чейин кубулжуп турат. Өнөр жайлык мааниси боюнча Орто Азияда мындай кооз таштын жапайдан жалгыз кени болуп эсептелет. Өңү кубулжуп турган талаа шпатынын запасы - С1категориясы боюнча 188,2 т. 1997-жылга карата баланстагы запасы С1– 180,2 т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]