Отуз жылдык согуш

Википедия дан
Отуз жылдык согуш (1618–48)‎»‎ барагынан багытталды)

Отуз жылдык согуш (1618–1648)Европа тарыхындагы алгачкы согуштук жаңжал; европа мамлекеттеринин күчтүү эки тобунун ортосундагы согуш. Габсбургдук блок (Испания жана Австрия Габсбургдары) «бүткүл христиан дүйнөсүн» бийлөөгө умтулуп, габсбургдарга каршы коалициядагы мамлекеттер (Франция, Швеция, Голландия, Дания, Россия, ошондой эле Англия) менен күрөш жүргүзгөн. Габсбургдарды Рим папасы, Германиянын католик княздары (Католик лигасы, 1609), Речь Посполита колдогон. Согуш Германия католиктеринин жана протестанттарынын ортосунда диний кагылышуу менен башталып, Европадагы Габсбургдардын бийлигине каршы күрөшкө өсүп жеткен. Отуз жылдык согуш 4 мезгилге бөлүнөт: 1) Чех мезгили (1618–1624) чехтер Габсбургдардын бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыгышып, жеңилип калышкан; 2) Дан мезгили (1625–1629) А. Валленштейндин командачылыгындагы герман императорунун жана И. Тиллинин командачылыгындагы католик лигасынын аскерлери 1627–1628-ж. Германиядан дан аскерлерин кууп чыккан. А. Валленштейндин аскерлери Түндүк Германияны курчоого алганда, Дания 1629-ж. Любек тынчтык келишимине кол коюуга мажбур болуп, согуштан чыккан; 3) Швед мезгили (1630–1635) Швециянын королу Густав II Адольф Түндүк Германияга кол салып, 1631-ж. 17сентябрда Брейтенфельддин алдында (Лейпцигге жакын жерде) И. Тиллинин армиясын жеңип жана Лютценин жанындагы салгылашта императордун аскерлерин жеңген. Бирок 1634-ж. 6 сентябрда Түштүк Германиядагы Нёрдлинген жанында императордун жана испан аскерлеринин бириккен күчтөрү швед армиясын талкалаган. 1635-ж. Саксония курфюрсту жана императордун ортосунда Прага тынчтык келишими түзүлгөн; 4) Франция-Швеция мезгилинде (1635–1648) 1635-ж. Швеция Польша менен Штумсдорф менен Франция менен Сен-Жермен келишимдерин түзүп, Германияга каршы күч топтогон. Согуштун чечүүчү мезгилинде Франция Голландия менен бирге Испанияга жана Германияга каршы согуштук аракеттерди жасаган. Вестфаль тынчтыгы (1648) боюнча Түндүк Германиядагы бир катар аймактар Швецияга, Эльзас, Мец, Туль жана Верден Францияга өтүп, Голландия, Испаниянын бир катар аймактары Швецияга, Эльзас, Мец, Туль жана Верден Францияга өтүп, Голландия Испанияга көз каранды болуудан кутулган. Отуз жылдык согуштан кийин Батыш Европадагы үстөмдүк Габсбургдардан Францияга өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]