Отуз миңчилер
Отуз миңчилер – айыл чарба экономикасын көтөрүү үчүн шаар жана өнөр жай борборлорунан айыл-кыштактарга жиберилген парт.-советтик кызматчы кадрлар. Ал КПСС БК менен СССР Министрлер Советинин 1955-ж. 25-марттагы «Колхоздорду мындан ары жетекчи кадрлар менен чыңдоо чаралары тууралуу» токтомунун негизинде ишке ашкан. Токтомдо тажрыйбалуу кадрлардан 30 миң кишини айыл чарба тармагына жетекчилик кызматка жиберүү белгиленген. 100 миңден ашык каалоочулардын ичинен 30 миңи тандалып, алар алгач 3 жумалык курстан, кийин алдыңкы колхоздордун бирине барып, 2 айлык стажировкадан өткөн. Кыргызстанда практикалык иште тажрыйбасы бар 810 адис кызматкер бул ишке баруу үчүн арыз беришсе, анын ичинде 111 адис колхоздун башкармасынын төрагасына сунуш кылынган. Отуз миңчилердин кыймылы советтик идеологияда шаар менен кыштактарды жакындаштыруу, коммунизмди курууда жумушчу табы, советтик интеллигенция жана колхозчулардын бузулбас биримдигин көрсөткөн башкы идеол. курал катары каралган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7