Мазмунга өтүү

Отун детонациясы

Википедия — ачык энциклопедия

Отун детонациясы – күйүү процессинде органикалык  пероксиддер пайда болушу жана алардын от алуу, жарылуу абалы. Жарылуучу зат газ абалында болсо, аралашманын басымы бир нече МПа, ал эми суюк же катуу түрүндө болсо 10 МПа ашканда жарылуу пайда болот. Кыймылдаткычтар туура иштеген учурда жалын 10-20 м/сек, детонация учурунда 1500-2500 м/сек ылдамдыкта тарайт. Бир тектүү заттарда детонациянын ылдамдыгы туруктуу болот. Газ абалындагы жарылуучу аралашмаларда детонация кубулушунун таралышы аралашманын жаратылышына, басымга, темп-рага көз каранды. О. д. кыймылдаткычтарда үн чыгарып, аны ысытып, кыймыл күчүн начарлатат. О. д. болтурбоо үчүн мисс. бензин отунга тетраэтил-коргошун (антидетонатор) кошулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]