От алдыруу

Википедия дан

От алдыруу — ичинен күймө карбюратордук кыймылдаткычта от алдыргыч шамдын электр учкунунан кыймылдаткычтын цилиндриндеги жумушчу аралашманын жалындап от алышы. Озуп от алдыруу – кысуу тактысы (учуру) аяктар алдында мажбурлап от алдыруу аркылуу ичинен күймө кыймылдаткычтын отундун учкуну менен тутанышы. Кыймылдаткычтын теориялык циклинде отунду тутантуу кысуу тактысынын акырында болот. Чыныгы циклде эң чоң жылуулук бөлүп чыгаруу кеңейүү тактысынын башталышында ишке ашырылышы үчүн озуп от алдыруу колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]