Ош ЖЭБи
| Ош ЖЭБ | |
| Өлкө | |
|---|---|
| Жайгашкан жери | |
| Менчик ээси |
«Электр станциялар» ААК |
| Макамы |
иш үстүндө |
| Курулуп башталган жылы | |
| Агрегаттарды ишке берүү жылдары | |
| Ишке берилген | |
| Негизги мүнөздөмөсү | |
| Электр кубаттуулугу, МВт |
50 мВт |
| Жылуулук кубаттуулугу |
350,7 Гкал/саат |
| Жабдуулардын мүнөздөмөсү | |
| Негизги отуну | |
| От казандары |
5 |
| Турбиналардын саны жана маркасы |
2 |
| Негизги курулуштары | |
| Бөлүштүрмө түзмөгү |
110 кВ |
| Кошумча маалыматтар | |
| Сайт | |
Ош ЖЭБи — Кыргызстандагы кубаттуулугу боюнча экинчи ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ) болуп саналат жана Ош шаарында жайгашкан.
Электр станциясы 1964-жылы пайдаланууга берилген. Алгач ЖЭБ өлкөдө өндүрүлгөн жаратылыш газын отун катары пайдаланууга ылайыкталып долбоорлонгон. Бирок 1973-жылы Кыргызстандагы жаратылыш газынын запастары түгөнгөндүгүнө байланыштуу станция негизги отун катары мазутка өткөрүлгөн. Мазут буга чейин көмөкчү отун катары гана каралган болчу.
Станциянын орнотулган электр кубаттуулугу 50 МВт, ал эми жылуулук кубаттуулугу саатына 350,7 Гкал түзөт.
Станциянын негизги энергетикалык жабдууларына 5 буу казаны жана ар биринин кубаттуулугу 25 МВт болгон 2 турбогенератор кирет.
Ош шаарындагы ЖЭБ 330 көп кабаттуу үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 19 бала бакчаны, 19 мектепти, 8 окуу жайды жана башка обьектилерди жылуулук менен камсыз кылат[1].