Мазмунга өтүү

Ош кум-шагыл кени

Википедия — ачык энциклопедия

Ош кум-шагыл кени Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 4 км түндүк-батыш тарапта, Акбуура суусунун боюнда. 1955-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропогендин борпоң чөгүндүлөрү түзөт. Кум-шагыл кени Акбуура суусунун оң жак өйүзүндө кашат тектерин түзүп жатат. Жалпы чалгындалган аянты 88,31 га. Калыңдыгы 10–15 мге чейин. Петрографиялык курамында гранит, диорит, диабаз, сланец жана акиташ тектери бар. Шагылды «300» жана «500» маркасындагы бетонго, кумду шыбакка колдонсо болот. Запасы А категориясы боюнча 165 мин м3; В–177,9 миң м3, С1–1756,5 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]