Ош кум кени,
Көрүнүш
Ош кум кени, Танги куш кени Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 12 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте. 1962–63-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы бор мезгилинде пайда болгон тоотектерден түзүлгөн. Калыңдыгы 5,8 мден 10 мге чейин, жазылыгы 40 мден 300 мге чейин, узундугу 800 мден 2 кмге чейин болгон үч кум участогу белгилүү. Кум майда бүртүктүү, жуугандан кийин бетонго кошууга жана курулуш ылайын жасоого жарамдуу. Запасы С1 категориясы боюнча – 909 миң м3, С2– 891 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7