Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы
Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы Н. Борошев атындагы 1963-ж. уюшулган. Фортепиано, кылдуу, үйлөмө, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспаптары, жеке ырдоо, хорду дирижёрлоо, музыка теориясы боюнча бөлүмдөрү бар. Айрым студенттер жана бир топ педагогдор эл аралык конкурстардын, Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын аткаруучу-музыканттар конкурстарынын лауреаттары. Окуу жайынын окуучулары, педагогдору облуста өткөн бардык маданий-массалык иштерине, театрлашкан көрсөтүүлөргө, концерттерге, фестивалдарга, кароо-конкурстарга дайым катышат. Окуу жайынын директорлору: КРдин эмгек сиңирген артисти К. Комиссаров, И. Эсенгулов, Г. Монахов, С. Мадумаров, КРдин Маданиятына эмг. сиң. ишмер Т. Чалапинов, КРдин эмгек сиңирген артисти И. Аманбаев, учурда Р. Султанов.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7