Ош эл аралык аэропорту
Ош эл аралык аэропорту | |||
---|---|---|---|
IATA: OSS – ICAO: UCFO
![]() ![]() OSS | |||
Кыскача маалымат | |||
Түрү | жарандык | ||
Өлкө | ![]() | ||
Ээси | өкмөт | ||
Оператору | "Кыргызстан аэропорттору" ААК | ||
Тейленүүчү шаар | Ош | ||
Жайгашкан жери | Ош, Кыргызстан | ||
Ташырман хабы | • Avia Traffic Company | ||
ДД бийиктиги | 2,927 ft / 892 m | ||
Координаттары | 40°36′32″ с. ш. 072°47′35″ в. д.HGЯO | ||
Учуп-конуу тилкелери | |||
Багыты | Узундугу | Төшөмү | |
m | ft | ||
12/30 | 2,812 | 9,226 | Асфальт |
Статистикасы (2024) | |||
Жылдык жүргүнчү агымы | ▲ 2,500,000 |
Ош эл аралык аэропорту (англ. Osh International Airport; орус. Международный аэропорт "Ош") (IATA: OSS, ICAO: UCFO) — Кыргызстандын түштүк аймагына жана Ош шаарына кызмат кылган негизги аэропорт. Аэропорт “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун курамына кирген 5 эл аралык аэропорттордун бири[1].
Ош эл аралык аэропортунун негизги милдети — Кыргызстандын түштүк аймагын аба транспорту менен камсыздоо, анын борбору катары Ош шаары эсептелет. Башка ири шаарларга болгон аралыктар төмөнкүдөй: Бишкекке чейин — 300 км, Ташкентке — 322 км, Наманганга — 103 км, Андижанга — 43 км. Аэропорт деңиз деңгээлинен 892 метр (2929 фт) бийиктикте жайгашкан. Аэродромдун классификациясы: ИКАО боюнча — 4D классы[1].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ош эл аралык аэропорту 1974-жылы курулуп, ошол эле жылы ишке берилген[2]. Эл аралык багыттагы бөлүмү 1992-жылы ачылган.
Жаңы терминал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ош эл аралык аэропортунда жаңы терминалдын курулушу 2025-жылдын 14-февралында башталган. Жаңы терминал саатына 900 жүргүнчүнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот[3].
Жаңы эки кабаттуу, жертөлөсү бар терминалдын жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт жана жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Долбоор жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттарды камтыйт: кең күтүү залы, заманбап каттоо аймактары, фуд-корт, эс алуу бурчтары жана 650 унаага ылайыкташкан автоматташтырылган токтотмо жай[4].
Ош аэропортунда төмөнкүдөй комплекстүү модернизация пландалууда:
- Перронду кеңейтүү — Учактар үчүн токтотуучу жайлардын саны 25ке көбөйөт[4].
- Учуп-конуу тилкесин узартуу — Проекттик-сметалык документтер 2025-жылы даяр болот. Узартуу иштери 2026-жылга пландалган[4].
- Жарыктандыруу системасын жаңылоо — Учуп-конуу тилкеси реконструкциялангандан кийин, жогорку интенсивдүүлүктөгү жарык берүүчү система 3-категорияга чейин жеткирилет. Бул кандай шарт болбосун учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет[4].
Авиакомпаниялар жана багыттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Окуялар жана кырсыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2011-жылдын 28-декабрында Бишкек–Ош багытындагы QH3 каттамын аткарып бара жаткан EX-020 номурлуу Кыргызстанга таандык Ту-134А учагы, ичинде 73 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү менен, Ош аэропортунун 12-конуу тилкесине катуу конгон. Конгон учурда учактын оң шасси бөлүгү сынып, оң канаты үзүлүп, учак кыйшайып калган. Ал конуу тилкесинин оң тарабындагы жумшак жерге, болжол менен 10 метр алыстыкка барып токтогон. Сол канаттан май чыгып кетип, өрт тутанган. Өрт куткаруу кызматтары тарабынан тез арада өчүрүлгөн. Бир жүргүнчү оор жаракат алган. 24 адам жеңил жаракат (мээ чайкалуу, көгөрүү) алып, алардын ичинен 16сы ооруканага жеткирилген[15].
- 2015-жылдын 22-ноябрында EX-37005 борттук номери менен Avia Traffic Company'ге таандык Boeing 737-300 учагы 768-рейс катары Ош аэропортуна конуп жатып катуу сокку менен жерге тийген. Натыйжада, учактын шассиси сынып, сол кыймылдаткычы үзүлүп, учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Окуядан 8 адам жаракат алган[16].
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 «Ош» аэропорту жөнүндө. airport.kg. Текшерилген күнү 30 Апрель 2025.
- ↑ Президент Садыр Жапаров “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна старт берди. president.kg. Текшерилген күнү 17 -май (бугу) 2025.
- ↑ Садыр Жапаров заложил капсулу в основание нового терминала аэропорта «Ош» (орусча). economist.kg. Текшерилген күнү 29 -май (бугу) 2025.
- ↑ 4.0 4.1 4.2 4.3 Садыр Жапаров дал старт строительству нового терминала аэропорта «Ош» (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 29 -май (бугу) 2025.
- ↑ Асман Эйрлайнс” учагы Бишкек-Ош каттамын ийгиликтүү аткарды. airport.kg. Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2025.
- ↑ Запущены рейсы из Оша в Каракол и обратно (орусча). kaktus.media. Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2025.
- ↑ Запущен новый рейс из города Ош на Иссык-Куль (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2025.
- ↑ TezJet учуу графиги (англ.). flytezjet.com. Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2025.
- ↑ Исследуйте Тамчы, Кыргызстан с TezJet (орусча). flytezjet.com. Текшерилген күнү 29 -май (бугу) 2025.
- ↑ С 28 мая Air Astana запускает регулярный рейс Ош – Алматы (орусча). economist.kg. Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2025.
- ↑ В аэропорт города Ош прибудет первый рейс из Алматы (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 29 -май (бугу) 2025.
- ↑ Прямые рейсы в Ош из Тюмени в 2025 году (орусча). gogov.ru. Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2025.
- ↑ "Победа» открыла продажи на новый международный рейс – в Киргизию" (орусча). flypobeda.ru. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2025.
- ↑ flynas Adds Jeddah – Kyrgyzstan Routes in 3Q23 (англ.). aeroroutes.com. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2025.
- ↑ Кырсыктын сүрөттөлүшү (англ.). Aviation Safety Network. Текшерилген күнү 17 -май (бугу) 2025.
- ↑ Accident: Aviatraffic B733 at Osh on Nov 22nd 2015, hard landing collapses all gear (англ.). The Aviation Herald. Текшерилген күнү 17 -май (бугу) 2025.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]![]() | |
---|---|
Эл аралык | Манас • Ош • Ысык-Көл • Каракол • Баткен |
Жергиликтүү | Жалал-Абад • Казарман • Кербен • Нарын • Талас • Раззаков |
Аскер | Кант |
Иштебейт | Чолпон-Ата • Кызыл-Кыя • Тамга • Токмок • Токтогул |