Оюу
Оюу (жонуу) – гранит, мрамор, акиташ, чопо, таштан скульптураны чегип жасоо техникасы. Көбүнчө даяр моделден мурун момдон куюлуп жасалган түп нусканы жонуп жасашат. Чоң кесек таштан келечектеги скульптуранын «пункттарын» же алдыга бөлүнүп чыгып турган мерчемдүү жерлерин белгилеп чегип алышат, андан соң ортоңку рельефи менен оюлуучу жерлерин белгилешет. Эгерде ишти нусканын автору баштаса, анда майда нерселерди кошумчалоо мүмкүнчүлүктөрү болуш үчүн таш катмарын үнөмдөөчү пунктирлөө жасалат. Тескерисинче, мрамор менен иштеген сүрөтчү так жана чукул пунктирлөөнү колдонот; себеби биринчи кезекте тикеден-тике көчүрмө жасоо анын милдеттеринен болуп эсептелет. Эң чоң скульптураларды чегүү бөлөк-бөлөк чегүүдөн башталат. Бул үчүн кичирээк көлөмдөгү алдын ала бөлүктөргө бөлүнгөн модель пайдаланылат. О. үчүн төмөнкү шаймандар керек: рашпиль, скарпель, троянка, шпунт, юлина, закольник, балка жана башка шаймандар, чоңойткондо кошумча пропорционалдык циркуль керек болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004