Мазмунга өтүү

Оңой менен өлбөгөн

Википедия — ачык энциклопедия
Оңой менен өлбөгөн
РежиссеруЖон Мактирнан
Продюсер
Сценарийи
ОператоруЯн де Бонт
НегизиндеNothing Lasts Forever
автору: Roderick Thorp
Тартылгандар
МузыкасыМайкл Кэймен
Редактору
Жайылтуучу20th Century Fox
Чыккан жылы
  • июль 12, 1988 (1988-07-12) (Лос-Анжелес)
  • июль 15, 1988 (1988-07-15) (АКШ)
Узактыгы132 мүн.
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$28 млн
Киреше$140.8 млн

"Оңой менен өлбөгөн" (англ. Die Hard, орус. Крепкий орешек) - 1988-жылы Жон Мактирнан тарткан жана сценарийин Стивен Де Соуза жана Жеб Стүарт жазган америкалык уруш тасмасы. Тасмада Лос-Анжелестеги көк тиреген имараттардын бирине Ханс Грубер башында турган уюшулган кылмыш тобу террорист катары кол салып, Маклейндин аялы Холли (Бонни Беделиа) бар топту барымтага алышат. Бул кылмыш тобунун планына өргүүдөгү Нью-Йорк шаардык полиция департаментинин офицери Жон Маклейн (Брүс Уиллис) бөгөт коюуга аракет кылат.

Тасма Родерик Торптун "Түбөлүктүү эч нерсе жок" аттуу романына негизделген жана 1966-жылы тартылган "Детектив" тасмасынын уландысы болуп эсептелет. Ушул эле аталыштагы тасма 1968-жылы "Детектив" тасмасынын уландысы катары тартылган жана ага Фрэнк Синатра тартылган.

$28 млн бюджет менен тартылган тасма $140 миллиондон ашуун киреше табуу менен киносынчылардын жылуу пикирине татыган. Тасма "Empire" журналынын 2008-жылы өткөргөн бардык мезгилдеги эң мыкты 500 тасма рейтингинде 29-орунду ээлеген. Тасманын ийгилиги дагы 4 уландысын ("Оңой менен өлбөгөн 2", "Өч алуу үчүн оңой менен өлбөгөн", "Эркин жаша же Оңой менен өлбө" жана "Оңой менен өлбөөгө ылайык күн") тартууга түрткү болгон жана видео оюндар, комикстер чыккан.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]