Мазмунга өтүү

О’Нил Юджин

Википедия — ачык энциклопедия
("О’Нил Южин‎"‎ барагынан багытталды)

О’Нил Юджин (16.10.1888, Нью-Йорк – 27.11. 1953, Бостон) – америкалык драматург. Адам турмушундагы трагедиялуу кагылышууларды жана татаал кырдаалдарды ачып көрсөтүү түзгөн пьесаларында экспрессиялуулук реализм менен, символика гротеск менен айкалышат. Негизги проблемалары: күнүмдүк турмуш менен таттуу кыялдын трагедиялык сыйышпастыгы («Горизонт артында», 1920), дүнүйө жыйноо жана мансапка жетүүнүн аркасынан жүрүп инсандын бузулуусу («Акындын жан дүйнөсү», 1936), раса ортосундагы кагылыштар («Жараткан кудайдын балдарынын баарынын канаты бар», 1924), адамдын өзү жана дүйнө менен чечилбес келишпестиги, инсандын жарандык милдетинин адамдык маңыздан обочолонушу («Байыраак сарайлар», 1939). «Аза күтүү – Электранын тагдыры» (1931) аттуу монументтик пландагы трагедиясы бар. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1936).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]