Примула

Википедия дан
ПРИМУЛА‎»‎ барагынан багытталды)
Primula denticulata.

Примула (лат. Primula) — өсүмдүктөрдүн примулалар тукумундагы уруусу. Кѳп жылдык ѳсүмдүк. Сабагы жалбыраксыз, жалбырагы гул сабагынын негизжнде, розеткага топтолгон. Гүлү туура түзүлүштүү, 5 мүчөлүү, көбүнчө сары, кызгылт же кызыл. Чатырча топ гүлдүү, кээде жалгыздан. Мөмөсү — кутуча. Жер шарынын бардык бөлүгүндө, айрыкча мелүун алкакта, ошондой эле тоонун альп алкагында 500дөй түрү таралган. Кыргызстанда 11 түрү өсөт. Пирамуланын тамыры сапонин, эфир малы жана гликозиддерге бай келип, медицинада пайдаланылат. Жалбырагында витаминдер көп. Гүлү жана жалбырагы ликёрарак өстүрүлѳт керектелет. Пирамула— балдуу өсүмдүк. Кээ бири кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. Бишкек (Фрунзе): 1980 г., ББК 92 Я 2