ПРОЖЕКТОР

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

(Projector- Проектор). Жеке адамдарга же адамдардын кичине тобуна көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн чоң SVGA монитору жетиштүү болот. Адамдардын чоң топторуна көрсөтүүдө чоң экрандуу теле көрсөткүч талап кылынат. Мулмимедиа жеке компьютерин мониторго бириктирүү үчүн NTSC (National Television Standards Committee) өзгөрт-күчү талап кылынат, ал өз-гөрткүч сандык сигналды аналогдук сигналга өзгөртүп, теле көрсөткүчтүн мониторунда көрсөтөт. өтө чоң топторго көрсөтөөдө проекциялоочу системдер колдонулат.Андай системдердин бири LCD проекциялоочу тактаны колдонот, ал такта жалпак экран болот жана проектордон жогору жайгаштырылат. Компьютер LCD проекциялоо тактага бириктирилип экранга сүрөттөлүштөрдү чагылдырат. Көрсөтүлүүчү сү-рөттөлүштөрдү бир учурда компьютер мониторунан жана проекциялоочу экрандан кароого болот. Проекциялоочу башка бир системдин тиби видеонун проектору эсептелет, ал компьютерге кабел менен туташтырылат жана мултимедиа колдонуштарын көрсөтүүдө өзүнүн жарык булагын пайдаланат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]