Пайдалуу модель
Көрүнүш
Пайдалуу модель – патенттик укуктун коргоосуна алынган ойлоп табуучулук жана өнөржайлык үлгү менен бир катардагы өнөржайлык менчик объекттеринин бири. КРдин 1998-жылдын 14-январындагы Патенттик мыйзамына ылайык П. м-дерге өндүрүш каражаттарын жана керектөө буюмдарын, ошондой эле алардын курамдык бөлүктөрүн долбоордук жасоо киргизилген. Эгер П. м. жаңы болсо (анын олуттуу белгилеринин жыйындысы техникалык өсүш деңгээлинен алып караганда белгисиз болсо) жана өнөржайда колдонууга жараса (өнөржайда, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана башка ишмердик тармактарында колдонулушу мүмкүн болсо), анда ага укуктук жактан коргоо камсыз кылынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7