Мазмунга өтүү

Паклин Игорь Васильевич

Википедия — ачык энциклопедия

Паклин Игорь Васильевич (15. 7. 1963-жылы туулган, Фрунзе) – спортчу (жеңил атлетика). СССР спортуна эмгек сиңирген чебер. Фрунзе шаарындагы политехникалык институтту бүтүргөн (1990). Италиянын Милан шаарында өткөн дүйнөнүн кышкы чемпионатында (жабык имаратта өтүүчү) 2 м 36 см бийиктиктен секирип, рекорд койгон (1984). Япониянын Кубе шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк универсиадада 2 м 41 см бийиктиктен секирип, дүйнөлүк рекордду жаңырткан (1985). Штутгардт шаарында (ГФР) өткөн Европа чемпионатында (1986) 2 м 24 см, Торонто шаарында (Канада) өткөн дүйнөлүк кышкы чемпионатта (1986) 2 м 38 см бийиктиктен секирип, 1-орунду, Римде өткөн дүйнөнүн жайкы чемпионатында (1987) 2 м 38 см бийиктиктен секирип, 2-орунду ээлеген. 2010-жылдан Иран Республикасында жашайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]