Пакса
Пакса – саман кошулуп, «ачытылып» жана ийленип даярдалган ылайдан (чоподон) согулган дубал жана анын кабаты. Түштүк Кыргызстанда 13–14-кылымда пайда болуп, турак жайларды, чарба сарайларын, эс алчу жайларды курууда кеңири колдонулган. Күмбөз ж. б. курулуштар да Пакса менен тургузулган. Азыр курулушта көбүнчө кыш пайдаланылгандыктан, сейрек колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9