Панамалыктар

Википедия дан

Панамалыктар (өздөрүн панаменьос деп аташат) – эл, Панаманын негизги калкы. АКШ, Колумбия, Коста-Рика, Никарагуада да жашашат. Жалпы саны 2,3 млн киши, анын ичинде 1,93 млну Панамада (2000). Испан тилинде сүйлөшөт. Католик динин тутушат, протестанттар (элүүлүктөр, адвентисттер, англикандар, баптисттер ж. б.) да бар. Антропологиялык жактан Панамалыктардын көбү (70% и) метистер жана мулаттар. Панамалыктар – 16–18-кылымдардагы колониячылардын, ошондой эле абориген индейлер, Африкадан алынып келинген негрлер (Вест-Индиядан Панама каналына жана америкалык плантацияга иштөөгө келгендер) менен аралашкан келгин европалыктардын (италиялыктар ж. б.) тукумдары. Панамалыктардын негизги кесиби – дыйканчылык. Улуттук кийимдеринин байыркы түрү Эррера провинциясында (Оку району) сакталып калган. Эркектери кенен тигилген ак көйнөк (камисилья), шым, калпак, сандал, майрам күндөрү калың матадан көйнөк (колето), аялдары ачык түстөгү көйнөк, кофта, гүлдүү юбка, башына чепчик же самандан жасалган шляпа кийишип, кооздуктарды тагынышат. Тамак-ашы – негизинен эт, күрүч, буурчак жана жер-жемиштер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]