Панама Элдик Партиясы

Википедия дан

Панама Элдик Партиясы - ПЭП) 20-жылдардан бери иштеп келген айрым коммунисттик топтордун биригишинен 1930-ж. 4-апрелде негиздел­ген.

  • 1935-ж. Коминтернге кабыл алын­ган. ПЭП мыкты жетекчиликтин жоктугунан жана троцкизмдин таасиринен 1937-ж. таран, 1943-ж. кайра түзүлгөн. ПЭПтин 3-съездинде (1951) же­текчиликтин оңчул оппортунисттик саясаты сындалып, аны жактоочулар партиядан чыгарылган.
  • Ошол эле жылдагы ПЭПтин 4-съезди партиянын программасы менен уставын кабыл алып, партийный жаңы жетекчилерин шайлаган.
  • 1953-жылдан жашырын иштесе да, ПЭП бошт. кыймылды, Панама каналын мамлекеттештирүү үчүн АКШга карты күрөштү улантууда.
  • ПЭП 1968-ж. аскер төңкөрүшүнөн кийин бийликке келген патриотчул маанайдагы аскер өкмөтүнүн саясатын колдойт.
  • ПЭП делегациясы Коммунисттик жана жумушчу партиялардын эл ара­лык кеңешмелерине (1957, 1959 ж-а 1969, Москва) катышып, алардын документтерин жактырган. ПЭП демокр. централизм принцибинде курулат.
  • Жог. органы — съезд; анын аралыгында БК. Борб. органы — «Уни­дад» газетасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.