Панамерика оюндары

Википедия дан

Панамерика оюндары – Америка континентиндеги эң ири жана комплекстүү спорттук мелдештер. 1951-ж. башталган жана төрт жылда бир өткөрүлөт. Панамерика оюндарынын программасына спорттун 15 түрү кирет: баскетбол, бейсбол, күрөш, бокс, сууда ойнолуучу поло, волейбол, дзюдо, гимнастика, мылтык атуу, жеңил жана оор атлетика, футбол, велосипед спорту, ат спорту, фехтования ж. б. Мелдештер 16 күнгө чейин созулат. 1951-ж. түзүлгөн Панамерика спорттук уюму (ПАСО) жетектейт. ПАСОго 33 өлкөнүн улуттук олимпиялык комитеттери бириккен. Расмий тилдери – англис жана испан тилдери. Штаб квартирасы Мехико шаарында жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]