Паниранизм

Википедия дан

ПаниранизмИрандын буржуазиялык-помещиктик чөйрөсүнүн улутчул шовинисттик теориясы, 19-кылымдын аягында пайда болгон. Алар иран тилинде сүйлөгөн элдерди камтыган «бирдиктүү иран улутунун» эзелтен бери бар экенин ырасташып, Сасанилер мамлекетинин чегинде Улуу Иранды кайра калыбына келтирүү талабын коюшкан. Паниранизмдин айрым элементтери 20-кылымдын чегинде Ага-хан Керман ж. б. чыгармаларында пайда болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш алдында Паниранизм улутчул маанайдагы ири буржуазия менен помещиктердин, жогорку чиновниктер менен офицерлердин жана айрым интеллигенттердин чөйрөсүнө тараган. Фашисттик Германия ж. б. өлкөлөрдүн империалисттик чөйрөлөрү Паниранизмди Ирандагы өз таасирин чыңоо жана антисоветтик пропаганда үчүн пайдаланган. Паниранизмдин туусу менен Ирандагы азербайжан, күрд ж. б. улуттарды аралаштыруу саясаты жүргүзүлгөн. Паниранисттер негиздеген «Паниранист» партиясы (1946) Кавказ, Орто Азия, Афганстан ж. б. мамлекеттер менен аймактарды бириктирген «Улуу Иранды» түзүү идеясын пропагандалашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]