Пантелеев Гавриил Фролович
Пантелеев Гавриил Фролович (26. 6. 1923, азыркы Чүй облусу, Сокулук району, Гавриловка айылы - 30. 9. 1979, Курск шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1943), гвардиянын улук лейтенанты. 1942-ж. Грозный аскердик жөө аскерлер окуу жайын бүтүргөн. 1943-жылдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 7-гвардиялык армиянын 72-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 224-гвардиялык аткычтар полкунда кызмат өтөп, Сталинград (1942, июль – 1943, февраль), Воронеж (1943, март-июль), Талаа (1943-ж. августтан) фронтторунда болгон. 1943-ж. сентябрда анын батальону Днепрден өтүп, Бородаевка кыштагын бошоткон. Стратегиялык мааниси бар бийиктик үчүн салгылашта душмандын 8 контрчабуулунун мизин кайтарып, эрдик көрсөткөн. Жарадар болсо да операцияга жетекчилик кылып, жеңишке жеткен. Согуштан кийин Курскда жашаган. Ленин, эки Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9