Пантелирейз Александр Иванович
Пантелирейз Александр Иванович (1952-ж. т., Казакстандын Чимкент обл., Кеңтоо ш.) - музыка таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992).
- Музыкант үй-бүлөдөн.
- 5 жашынан фортепьянодо ойноону үйрөнөт,
- 1966-ж. музыкалык мектептин фортепьяно классын,
- 1971-ж. Кривой Рог мамлекеттик музыкалык окуу жайында теория менен композиция классын,
- 1977-ж. Москвадагы консерваториянын теория-композитордук факультетин бүтүргөн.
- 1977-ж. консерваториянын жолдомосу менен Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, бир эле мезгилде республикалык адистештирилген М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта эмгектенет.
- 1979-жылдан искусство институтунун теория жана музыка тарыхы кафедрасын, музыка тарыхы кафедрасын, Кыргыз композиторлор союзунда музыка таануу жана музыкалык-сын секциясын жетектейт.
1981-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү.
Республикалык газета-журналдарда кыргыздын профессионалдык музыкасынын тарыхына, ар кандай маселелерине байланышкан ондогон макалаларды жазат. Кыргыз эл артисти, композитор, дирижёр Н. Давлесовдун чыгармачылыгына арналган «Насыр Давлесов» аттуу монографиясы жарык көргөн. Москвадан чыккан музыкалык энциклопедиянын 5, 6-томдоруна «Кыргызстандын композиторлору» аттуу маалымдама жыйнагына макалаларды жазган.
1979-86-жылдар аралыгында педагогдук, методикалык уюштуруу иши үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин, Кыргызстан ЛКСМ БКнын Ардак грамоталары, дипломдору менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.