Мазмунга өтүү

Панфилов чопо кени

Википедия — ачык энциклопедия

Панфилов чопо кени Чүй облусунун Панфилов районда, Панфилов кыштагынан 2 км батышта. 1950-ж. табылып, 1960-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен антропоген мезгилинде пайда болгон саргыч, боз, күрөң түстөгү лёсс сымал чоподон турат. Анын арасында майда кумдун жука катмарлары кезигет. Пайдалуу катмардын калыңдыгы 5,0–18,5 м. Анын алдында кум-шагыл бар. Химия-технологиялык касиети боюнча чопо «100» маркасындагы кирпич даярдоого жарактуу. Запасы А+В категориясы боюнча 1426 миң м3, С1–1371 миң м3. 1963-жылдан Кайыңды кирпич заводу пайдаланат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]