Папачылык

Википедия дан

ПапачылыкРим папасы жетектеген католик чиркөөсүнүн диний монархиялык борбору. Папа конклавда (кардиналдардын жабык чогулушунда) өмүр бою шайланат. Папанын чиркөөдөгү бийлиги чексиз. Папа Вселенский соборду (христиан католик чиркөө кызматкерлеринин съездин) чакырат, анын чечимин бекитет, кардиналдыкка жана епископтукка көтөрөт, ага монах ордендеринин генералдары баш иет. Папа – Ватикан (туруктуу резиденциясы) мамлекетинин чексиз бийлөөчүсү. Коомдук-саясий жана диний ишинде эл католик чиркөөсүнүн кеңири аппаратына жана аны менен байланыштагы диний уюмдарга, Рим куриясына, Ватикандын дипломатиялык өкүлдөрүнө ж. б. таянат. Бардык католик чиркөөсүнө же айрым өлкөлөрдүн католиктерине арналган директиваларды энцикликалар, буйрук, жарлык ж. б. түрүндө басып чыгарат. Папачылык рим епископтугунун негизинде калыптанган. 5-кылымдын башында Рим епискобу өзүн «папа» (грекче pappas – ата, насаатчы) деп атаган. Папачылыктын күч алышынан 756-ж. Папа аймагы түзүлгөн. 10-кылымда Папачылык Ыйык Рим империясынын императоруна көз каранды болгон. 11-кылымдын орто ченинде башталган чиркөөнү борбордоштуруу кыймылынан улам ролу күчөгөн. 11-кылымдын аягында Папачылык крестүүлөр жортуулдарына демилгечи болуп, экономикалык жана саясий күч-кубатын чыңдаган (айрыкча Иннокентий IIIнүн тушунда). Европада борбордошкон мамлекеттердин өнүгүшү менен Папачылыктын таасири начарлаган. 1309–77-жылдары Папачылык француз королуна көз каранды болуп, анын кадыр-баркынын төмөндөшү чиркөө бытырандылыгына (1378–1417) алып келген. Такка бир эле мезгилде 2 же 3 папа отура баштаган. 16-кылымда Реформация жана протестант чиркөөлөрүнүн түзүлүшү Европанын бир катар өлкөлөрүндө Папачылыктын таасирин жок кылган. Папачылык буржуазиялык революцияга каршы туруп, 19-кылымдын ортосуна чейин феодалдык-монархиялык күчтүн тиреги болгон. Италиянын биригүүсүнө катуу каршылык көрсөтүүдөн улам Папачылык 1860-ж. Папа облусунан, 1870-ж. Римдеги бийлигинен ажыраган. 19-кылымдын 2-жарымынан Папачылык буржуазиянын реакциячыл чөйрөсү, империализм мезгилинде, монополисттик капитал менен байланышып, жумушчу жана улуттук-боштондук кыймылга каршы күрөшкөн. Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин Совет мамлекетине душмандык өңүттө болгон. 1929-ж. папа Пий XI Италиянын фашисттик өкмөтү менен байланышып, Латеран макулдашуусу боюнча Римде папа мамлекетин – Ватиканды түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]