Параллель которуу

Википедия дан

Параллель которуу – тегиздиктеги же мейкиндиктеги фигуранын ар бир чекитинин өз ара бирдей аралыкты сактап, бир эле багытты көздөй жылышы. Параллель которуу төмөндөгүдөй касиеттерге ээ: 1) Параллель которуу – кыймыл; 2) Параллель которууда чекиттер параллель түз сызыктар боюнча бирдей аралыкка жылат; 3) Параллель которууда түз сызык ага параллель болгон түз сызыкка же өзүнө өзү өтөт; 4) Параллель которууга тескери болгон которуу Параллель которуу болот; 5) мейкиндиктеги Параллель которууда тегиздик же өзүнө өзү же ага параллель болгон тегиздикке өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]