Паркен стадиону

«Паркен стадиону» (данияча: Parken) — Даниянын Копенгаген шаарындагы футбол стадиону. Даниянын алдыңкы клубдарынын бири - Копенгагендин үй аренасы. Даниянын футбол боюнча улуттук курама командасы да үйдөгү көпчүлүк беттештерин стадиондо өткөрөт.
Стадиондун курулушу 1990-1992-жылдары жүргүзүлүп, акыркы сыйымдуулугу 38 076 адамды түзгөн. Арена 1990-жылы бузулган Идреспаркен стадионунун ордуна курулган. Жаңы стадиондо биринчи беттеш 1992-жылы 9-сентябрда болгон (Дания — Германия — 1:2).