Мазмунга өтүү

Партизан кыймылы

Википедия — ачык энциклопедия

Партизан кыймылы – өз мекенинин боштондугу жана көз карандысыздыгы же социалдык өзгөрүүлөр үчүн душман басып алган аймактагы элдик күрөштүн бир түрү. Партизан кыймылы негизинен куралданган адамдардан түзүлүп, жергиликтүү элге таянат, ага жоо тылында аракеттенген аекер бөлүктөрү да катышышы мүмкүндүк Партизан кыймылы куралдуу күрөш, саботаж, диверсия, бийликтегилердин беделин түшүрүү, душмандын реакциячылдыгын ашкерелөө формасында болуп, элди күрөшкө тартуу үчүн үгүт, насыят жүргүзөт. Ал чет элдик баскынчыларга, ошондой эле ички душмандарга да каршы багытталат. Партизан кыймылы байыркы замандан белгилүү (мисалы, б. з. ч. 4-кылымда Македонскийдин аскерине каршы Орто Азия элдеринин күрөшү). 1812-жылкы Ата Мекендик согушта Наполеондун армиясын талкалоодо Партизан кыймылы зор роль ойногон. Россиядагы Жарандык согуштун учурунда (1918–20) ал кеңири кулач жайган. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) учурунда Партизан кыймылы элдик күрөшкө айланып, жеңиштин негизги факторлорунун бири болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) учурунда фашисттик Германия жана анын шериктештери басып алган жерлердеги Каршылык көрсөтүү кыймылы айрым жерлерде Партизан кыймылы түрүндө болео, айрым жерлерде (Югославия, Полына, Франция, Грекия, Италия, Кытай, Бирма, Филиппин ж. б.) улуттук-боштондук согушка чейин өсүп жеткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан сон Азия, Африка жана Латын Америкасынын көптөгөн өлкөлөрүндөгү элдердин колониализмге каршы улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшүндө Партизан кыймылы кулач жайган. Айрыкча 40–50-жылдары Вьетнам, Лаос, Камбожа, Филиппинде, Алжир, Малайзия жана Кубада колониализмге, реакциялык режимге каршы, ал эми 60–70-жылдарда Түштүк Вьетнамда америкалык баскынчыларга каршы (1964–73), Лаос, Камбожа, Түштүк Арабия жана Африкадагы Португалиянын колонияларында (Ангола, Гвинея, Мозамбик) Партизан кыймылы кенири масштабдагы мааниге ээ болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]