Блез Паскаль

Википедия дан
Паскаль Блез‎»‎ барагынан багытталды)
Блез Паскаль.
Паскаль суммалоочу машинаны.

Паскаль, Блез (фр. Blaise Pascal; 19. 6. 1623, Франция, Клермон-Ферран – 19. 8. 1662, Париж) – француз физиги, математик, философ, жазуучу. «Конустук кесилиш теориясынын тажрыйбасы» аттуу биринчи трактатында проекциялык геометриянын негизги теоремаларынын бири – Паскаль теоремасын баяндаган. Паскаль суммалоочу машинаны ойлоп тапкан (1641). Арифметика, сандар теориясы, алгебра жана ыктымалдуулук теориясы боюнча бир катар илимий эмгектерди жазган. Гидростатиканын негизги законун негиздеген жана гидравликалык пресстин иштөө приндибин түшүндүргөн. Басым бирдиги (1 Па), программалоо тили (Pascal), Айдагы кратер Паскальдын ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Math-bio-stub Калып:Philosopher-stub Калып:FR-bio-stub