Пастоздуулук

Википедия дан

Пастоздуулук (италиянча pastoso – камыр сымал) – 1) живопись техникасындагы боёк катмарынын сапаты, ал коюу паста-боёкту материалга алгач тегиз эмес салган учурда пайда болот. Мында үстүнкү катмардын рельефтик сүртүмү кандай тартылса, ошондой формада сакталат. Пастоздуулукду колдонуу чыгарманын эмоциялуулугун күчөтүп, боёктун ийкемдүү мүмкүнчүлүгүн ачып, анын материалдык мазмунун ишенимдүү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт; 2) сүрөтчү кыл калем менен кандай тартса, так ошол форманы суюлтулбаган майлуу боёочу материалдын ийкемдүүлүгү да Пастоздуулук деп аталат; 3) теринин пальпацияда аныкталуучу анча байкалбаган шишиги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]