Мазмунга өтүү

Паутина операциясы

Википедия — ачык энциклопедия
«Паутина» операциясы
Дата

1-июнь 2025-жыл

Орун

 Орусия

  • Рязань облусу
  • Мурманск облусу
  • Иваново облусу
  • Иркутск облусу
Каршы тараптар
 Украина  Орусия
Колбашчылар
Зеленский Владимир Александрович Путин Владимир Владимирович
Тарап күчтөрү
белгисиз белгисиз
Жоготуулар
белгисиз
  • УКК билдирүүсү боюнча: 41 учак, алардын ичинде А-50, Ту-95 жана Ту-22М3 учактары[1].
  • ОSINT аналитиктеринин маалыматтарына ылайык, кеминде 9 стратегиялык авиациянын учактары[2].
  • Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Мурманск жана Иркутск облустарындагы аэродромдордо бир нече учак күйүп кеткен, жарандык же аскердик жоготуулар болгон эмес[3].

Паутина операциясы (кырг. Өрмөк операциясы ) — 2025-жылдын 1-июнунда Украинанын Коопсуздук кызматы Россия–Украина кеңири масштабдуу согушунун алкагында Россиянын стратегиялык авиациясына каршы «Паутина» аттуу атайын операция жүргүзгөн.

Операциянын максаты Россия Федерациясынын аймагындагы беш аэронавигациялык база болгон:

  • Мурманск облусундагы «Оленья»,
  • Иркутск облусундагы «Белая»,
  • Рязань облусундагы «Дягилево»,
  • Иваново облусундагы «Иваново»,
  • Амур облусундагы «Украинка».

«Белая» авиабазасына жасалган сокку — Орусия–Украина согушу башталгандан бери Сибирдеги объектилерге каршы Украинанын алгачкы чабуулу болуп саналат[4].

Колдонулган негизги куралдар — FPV-дрондор болуп, алар аэродромдорго жакын жерге келген жүк унааларынан учурулган. Украинанын Коопсуздук кызматы жалпы 41 учак жабыркаганын билдирди. 7 учактын жабыркаганы далилденген, алардын 6сы стратегиялык болуп, Украинага каршы сокку уруу үчүн колдонулуп келген.

Тарыхый маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2025-жылдын башында Орусиянын стратегиялык авиациясынын негизин төмөнкү учактар түзгөн:

  • Ту-160 — бир нече модификациядагы 16 даана. Бул учактар менен 121-авиациялык оор бомбалоочу полк (Энгельс-2) куралданган;
  • Ту-95 — 48 даана. Бул учактар менен куралданган бөлүктөр: 184-авиациялык оор бомбалоочу полк (Энгельс-2), 79-авиациялык оор бомбалоочу полк (Украинка), 182-авиациялык оор бомбалоочу полк (Украинка);
  • Ту-22М — 52 даана. Бул учактар төмөнкү полктордо колдонулат: 52-авиациялык оор бомбалоочу полк (Шайковка), 200-авиациялык оор бомбалоочу полк (Средний), 444-авиациялык оор бомбалоочу полк (Средний)[5].

Операцияны жеке өзү Украина президенти Владимир Зеленский көзөмөлдөгөн, ал эми түздөн-түз ишке ашырууну СБУнун төрагасы Василий Малюк жана кызматтын кызматкерлери жүргүзүшкөн.

«Укринформ» басылмасынын маалыматына ылайык, логистикалык жактан өтө татаал операция бир жарым жыл даярдалган. СБУ алгач дрондорду Россияга жашыруун өткөргөн, андан кийин жыгачтан жасалган учуруу капсулаларын жөнөткөн. Россия аймагында дрондор бул капсулаларга салынып, алар жүк унааларына орнотулган. Операция башталганда, контейнерлердин капкактары алыстан башкаруу аркылуу ачылып, дрондор тапшырманы аткарууга учуп чыккан.

Украина президенти билдиргендей, Россия аймагындагы операциянын штабы ФСБнын бир аймактык башкармалыгына жакын жайгашкан болчу. Ошондой эле СБУ даярдык иштери жүргүзүлгөн кампалардын сүрөттөрүн жарыялап, алар кийин душман тарабынан Челябинск шаары, Свердловский тракт, 28А дареги боюнча аныкталган.

Көптөгөн украин жана америкалык булактардын маалыматы боюнча, АКШ «Өрмөк» операциясына катышкан эмес жана Украинанын Россиядагы аэронавигациялык объектилерге сокку уруу пландары жөнүндө маалыматы болгон эмес. Операция үчүн чалгын маалыматтарын Украина өз алдынча чогулткан, АКШнын колдоосу жок. Бул чечим, атап айтканда, АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Путин менен жакындашуу ыктымалдыгынан жана жашыруун маалыматтардын сыртка чыгып кетүү коркунучунан улам кабыл алынган.