Падыша-Ата (дарыя)

Википедия дан
Пачата‎»‎ барагынан багытталды)
Пача-Ата
Мүнөздөмө
Узундугу 130 км
бассейндин аянты 443 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Аксы району

Падыша-Ата – Жалал-Абад облусунун Аксы районунундагы суу. Сырдарыянын оң куймасы. Узундугу 130 км, алабынын аянты 443 км2. Чаткал тоо кыркасынын түндүк капталынан (Чанач ашуусуна жакын) башталат. Башкы агымында Кийик-сай аталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Нанай кыштагынан кенен Кара бала өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымында Үңкүрдөбө тоосун кесип өтүп, салааларга бөлүнөт. Заркен кыштагынан Намансансай аталып, Сырдарыяга оң жактан куят. Жылдык орточо чыгымы 6,12 м3/сек. Апрелде киребаштап, сентябрда тартылат. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Кашка-суу, Эскабат, Бешкаран, Жаңыкоргон, Зоркен жана башка кыштак жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]