Педагогикалык консилиум
Педагогикалык консилиум – медициналык кызматкерлердин жана ата-энелердин катышyycy менен өткөрүлүүчү мугалимдер кеңешмеси. Мында окуучулардын окуу мүмкүнчүлүгү төмөнкү параметрлер боюнча аныкталат: 1) окуучунун коомдук жана эмгектик активдүүлүгү; 2) адептүүлүк деңгээли; 3) окууга болгон мамилеси; 4) тааныпбилүү аракетинин калыптанышы; 5) тырышчаактыгы; 6) дене-бой жактан өсүшү; 7) үй-бүлөнүн тарбия берүүдөгү мааниси. Педагогикалык консилиум методу менен класс жетекчиси класстагы окуучулардын ар бирине объективдүү мүнөздөмө бере алат. Ал мүнөздөмөдөгү маалыматтарды ушул класска сабак берүүчү бардык предметтик мугалимдер өздөрүнүн окутуу иштеринде толук пайдаланууга тийиш.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9