Мазмунга өтүү

Педан (Ефимова) Галина

Википедия — ачык энциклопедия

Педан (Ефимова) Галина (29. 05. 1983-жылы туулган, Фрунзе шаары) – спортчу (жеңил атлетика). 400 мте тоскоолдуктар аркылуу чуркоо боюнча Эл аралык спорт чебери. Кыргыз Мамлекеттик дене-тарбия институн (2005), Кыргыз Улуттук университетин (2008) аяктаган. Кыргыз Республикасынын 12 жолку чемпиону жана рекордсмени, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 2000-ж. «Азия балдары» оюндарынын чемпиону болгон, 2002-ж. Азия чемпионатында күмүш, 2007-ж. коло байгесин утуп алган. Афины (2004) жана Пекин (2008) олимпия оюндарына, Азия Гран-при турнирине (2005), Дохадагы 15-Азия оюндарына катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]