Педикулёз

Википедия дан

Педикулёз (латынча pediculus – бит), бит басуу – кийим бити жана чач бити пайда кылган тери оорусу. Сиркесин көйнөктүн бүктөмдөрүнө жана тигиштерине, чачка жабыштырып таштайт. Сиркеден личинка чыгып, ал битке айланат. Кийим бити 2 ай, чач бити 4 жумача жашайт. Алар баш келте жана кайталанма келтенин козгогучтарын таратат. Көйнөк бити суткасына 2–3 жолу кан сорот. Бит чакканда дене дүүлүгүп кычышат, тырмаганда тери тытылып, ириңдүү жара (пиодермия) пайда болот. Биттөө начар санитардык-гигиеналык шартка, калктын материалдык жана маданий деңгээлинин төмөн болушуна байланыштуу. Ошондуктан Педикулёз болбос үчүн тазалыкты сактоо, бат-бат жуунуп, кийимди которуп туруу зарыл. Битти жок кылуу үчүн химиялык заттар жана дезинфекция колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]