Мазмунга өтүү

Педри

Википедия — ачык энциклопедия
Портал:Футбол
Портал:Футбол
Педри

Педри 2025-жылы
Жалпы маалымат
Лакап аты Педри[1]
Төрөлгөн датасы 25 -ноябрь 2002(2002-11-25) (23 жаш)
Тегесте, Тенерифе, Канар аралдары, Испания
Жарандыгы  Испания
Жетектөөчү буту оң
Бою 174[2] см
Позициясы жарым коргоочу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Испания Барселона
Номуру 8
Карьерасы
Жаштар клубдары
2018—2019 Испания Лас-Пальмас
Клубдук карьерасы*
2019—2020 Испания Лас-Пальмас 36 (4)
2020—учур Испания Барселона 154 (22)
Улуттук курамасы**
2019 Испания Испания (17ге чейин) 5 (0)
2019 Испания Испания (18ге чейин) 2 (1)
2020 Испания Испания (19га чейин) 1 (0)
2020 Испания Испания (21ге чейин) 4 (0)
2021 Испания Испания (23кө чейин) 7 (0)
2021—учур Испания Испания 38 (5)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 28-февраль 2026-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 14-октябрь 2025-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Пе́дро Гонса́лес Ло́пес (исп. Pedro González López), көбүнчө Пе́дри (исп. Pedri) деген ысым менен таанымал (25-ноябрь 2002-жылы туулган) — испаниялык футболчу, «Барселона» клубунун жана Испания курамасынын жарым коргоочусу. 2024-жылкы Европа чемпиону. Дүйнөдөгү эң мыкты жарым коргоочулардын бири болуп эсептелинет[3][4][5].

Педро Гонсалес Лопес 2002-жылдын 25-ноябрында Канар аралдарындагы Тенерифе аралында, Тегесте шаарында төрөлгөн[6]. Ал кичинесинен эле футболго кызыгып, жергиликтүү академияларда машыккан.

2018-жылы Педри «Лас-Пальмас» клубунун академиясына кошулуп, бат эле негизги командага чейин жеткен.

Клубдук карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2019-жылы Педри «Лас-Пальмас» клубунун негизги курамында дебют жасап, 16 жашында клуб тарыхындагы эң жаш оюнчулардын бири болгон[7].

2019-жылдын 2-сентябрында «Барселона» «Лас-Пальмас» клубу менен сезондун аягында Педринин 5 миллион еврого өтүшү тууралуу макулдашканын жарыялаган. Оюнчу каталон клубу менен эки жылга келишим түзгөн[8]. Педри 2020/21-сезондо негизги курамдын маанилүү оюнчусуна айланган. Ошол сезондо ал 70тен ашык матч өткөрүп, клуб жана курама үчүн эң көп ойногон футболчулардын бири болгон[9].

2021–22-сезондо «Барселона» курамында Падыша Кубогун (исп. Copa del Rey) утуп, карьерасындагы алгачкы чоң трофейге ээ болгон[10]. Ошол сезондо ал көптөгөн оюндарды өткөрүп, рекорддорду жараткан, бирок кийинчерээк сан жаракатынан улам сезонду толук аяктай алган эмес[11]. 2021-жылы Педри клуб менен жаңы келишимге кол койгөн[12]. Ошол эле жылы ал Европадагы 21 жашка чейинки эң мыкты футболчу катары «Алтын Бала» (англ. Golden Boy) жана «Копа» (англ. Kopa Trophy) сыйлыктарына татыган[13][14].

2022–23-сезондо Педри Хавинин жетекчилиги астында «Барселона» менен алгачкы Ла Лига чемпиондугун утуп, команданын негизги оюнчуларынын бири болгон[15]. 2024–25-сезондо ал толук кандуу формага келип, командага туруктуу салым кошуп, Ла Лига, Падыша Кубогун жана Испания Суперкубогун жеңип, клуб менен 2030-жылга чейин келишимин узарткан[16]. 2025–26-сезондо Педри айрым жаракаттарга карабай кайра курамга кайтып, Ла Лигада 150 оюн өткөргөн эң жаш оюнчу болуп, Лионель Мессинин рекордун жаңырткан[17].

Эл аралык карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания улуттук курамасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испаниянын жаштар курамаларында (17, 18, 19, 21, 23 жашка чейин) ойногон. 2021-жылдын мартында башкы машыктыруучу Луис Энрике тарабынан Испаниянын улуттук курама командасына чакырылып, Грекияга каршы беттеште дебют жасаган[18]. Кийинки матчтарда да негизги курамда чыккан.

Евро-2020 турниринде Испаниянын негизги оюнчуларынын бири болуп, командасы менен жарым финалга чейин жеткен. Турнирдин жыйынтыгында эң мыкты жаш оюнчу деп табылып, аны Андрес Иньеста менен салыштыра башташкан[19]. Андан кийин Олимпиада-2020да Испания курамасы менен күмүш медаль уткан[20].

2022 Дүйнө чемпионатына Испания курамасынын тизмесине кирип, турнирде команданын бардык 4 оюнунда тең негизги курамда ойногон. Испания 1/8 финалда Мароккого пенальтилер сериясында утулуп, мелдештен чыгып калган[21].

Евро-2024кө Педри узакка созулган жаракаттарына карабай кайра чакырылган. Турнир алдында Түндүк Ирландияга каршы жолдоштук оюнда улуттук курамадагы алгачкы голдорун киргизип, дубль жасаган. Евродо ал Хорватияга, Италияга жана Грузияга каршы оюндарды баштапкы курамда өткөргөн. Германияга каршы чейрек финалда эрте жаракат алып, оюндан чыккан, бирок Испания мелдешти улантып, жыйынтыгында Европа чемпиону болгон[22].

«Барселона»

Испания

Жеке сыйлыктары

  • Европа чемпионатынын мыкты жаш оюнчусу: 2020[33]
  • Европа чемпионатынын символикалык курамасы: 2020[34]
  • «Golden Boy» сыйлыгынын ээси: 2021[35]
  • «Копа» сыйлыгынын ээси: 2021[36]
  • Ла Лиганын сезонунун оюнчусу (күйөрмандардын ою боюнча): 2022/23[37]
  • Ла Лиганын сезонунун символикалык курамасы: 2021/22[38], 2022/23[39], 2024/25[40]
  • Ла Лиганын айдын мыкты жаш оюнчусу: октябрь 2024[41]
  • Ла Лиганын айдын мыкты оюнчусу: апрель 2025[42]
  • Ла Лиганын айдын эң мыкты голунун автору: август 2025[43]
  • ФИФАнын жылдын символикалык курамасы: 2025[44]
  1. Pedri pronunciation: How to pronounce Pedri in Spanish (исп.). Forvo.com. Текшерилген күнү 29 Апрель 2021.
  2. Педринин "Барселона" клубунун расмий сайтындагы баракчасы (англ.). fcbarcelona.com. Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2025.
  3. TomMaston Ballon d'Or 2025 Power Rankings: Ousmane Dembele edges ahead of Barcelona trio despite Lamine Yamal's sensational Champions League showing (англ.). Goal.com (29 April 2025). Текшерилген күнү 5 -май (бугу) 2025.
  4. NestorWatach 2025 Ballon d'Or power rankings: Mbappe's hopes dealt fatal blow... (англ.). Planet Football (17 April 2025). Текшерилген күнү 5 -май (бугу) 2025.
  5. 2025 FC 100: Pedri among best central midfielders in men's soccer (англ.) (4 June 2025).
  6. Pedri: Early life. UEFA. Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2025.
  7. Pedri debut Las Palmas. BBC Sport. Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2025.
  8. Barça i Las Palmas arriben a un acord per al traspàs de Pedri (ca). FCBarcelona.com (2 -сентябрь (аяк оона) 2019). Текшерилген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2020.
  9. Pedri played most games in 2020/21. ESPN. Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2025.
  10. FC Barcelona win their 31st Copa del Rey title. FC Barcelona (17 April 2021). Текшерилген күнү 23 -май (бугу) 2021.
  11. Hamstring injury means Pedri is set to miss the rest of the season (англ.). MARCA (15 April 2022). Текшерилген күнү 15 Апрель 2022.
  12. Pedri: New Barcelona contract, October 2021, ESPN (14 October 2021). Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2021.
  13. Golden Boy 2021, è Pedri il nuovo "Ragazzo d'Oro" di Tuttosport, Tuttosport (22 November 2021). Текшерилген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  14. Follow live updates from the 2021 Ballon d'Or, The Independent (29 November 2021). Текшерилген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  15. FC Barcelona, Liga champions 2022/23!. FC Barcelona (14 May 2023).
  16. Pedri signs to stay with Barça until 2030. FC Barcelona (30 January 2025).
  17. Barcelona star Pedri beats Lionel Messi record against Osasuna. Barca Blaugranes (13 December 2025). Текшерилген күнү 14 -декабрь (бештин айы) 2025.
  18. Pedri, el sexto jugador más joven en debutar con la Roja (es), sport.es (25 March 2021). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2024.
  19. Pedri named Euro 2020 Young Player of the Tournament. UEFA (11 July 2021). Текшерилген күнү 11 -июль (теке) 2021.
  20. Tokyo 2020: FC Barcelona Olympic Diary, FC Barcelona (7 August 2021). Текшерилген күнү 7 -август (баш оона) 2021.
  21. World Cup: Morocco beat Spain on penalties to reach quarter-finals. BBC Sport. BBC (6 December 2022). Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2022.
  22. England lose to Spain in Euros final. BBC (15 July 2024). Текшерилген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  23. FC Barcelona, Liga champions 2022/23!, FC Barcelona (14 May 2023). Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2023.
  24. Barcelona Win La Liga, Complete 2024-25 Domestic Treble (en-US). SI (15 -май (бугу) 2025). Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2025.
  25. SidLowe Messi stars as Barcelona thrash Athletic Bilbao to lift Copa del Rey. The Guardian (17 April 2021). Текшерилген күнү 19 Апрель 2021.
  26. FC Barcelona crowned Cup Kings in classic encounter (англ.). Real Federación Española de Fútbol (26 April 2025). Текшерилген күнү 26 Апрель 2025.
  27. CiaranBaynes Real Madrid 1–3 Barcelona: Gavi stars as Barca dominate to win Spanish Super Cup. Euro Sport (15 January 2023). Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2023.
  28. FC Barcelona win the Super Cup in a final for the history books (2-5) (англ.). Real Federación Española de Fútbol (13 January 2025). Текшерилген күнү 13 -январь (үчтүн айы) 2025.
  29. Barcelona vs Real Madrid Highlights, El Clasico Supercopa Final: Barcelona Beat Real Madrid 3-2 In Thriller, Clinch 1st Trophy Of Season. NDTV. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2026.
  30. Spain 2-1 England. UEFA. Union of European Football Associations (14 July 2024). Текшерилген күнү 14 -июль (теке) 2024.
  31. Spain 2–1 England. UEFA. Текшерилген күнү 14 -июль (теке) 2024.
  32. Portugal vs Spain - UEFA Nations League Final 2025. UEFA.com. Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2025.
  33. Pedri named EURO 2020 Young Player of the Tournament (англ.). УЕФА (11 July 2021).
  34. UEFA EURO 2020 Team of the Tournament revealed (англ.). УЕФА (13 July 2021).
  35. Полузащитник «Барселоны» Педри получил награду Golden Boy (орусча). sport24.ru (22 -ноябрь (жетинин айы) 2021). Текшерилген күнү 23 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
  36. Педри признан лучшим молодым игроком 2021 года (орусча). sport-express.ru (29 -ноябрь (жетинин айы) 2021). Текшерилген күнү 23 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
  37. Ter Stegen and Lewandowski receive Zamora and Pichichi trophies (англ.). www.fcbarcelona.com (23 November 2023). Текшерилген күнү 23 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
  38. LaLiga and EA SPORTS award the 15 best players of the season in LaLiga Santander with the 'FIFA 22 Team Of The Season' (англ.). LA LIGA EA SPORTS (26 May 2022). Текшерилген күнү 28 -май (бугу) 2024. Түп булактан архивделген күнү 23 -сентябрь (аяк оона) 2023.
  39. Los Premios ‘Team Of The Season’ de EA SPORTSTM y LaLiga revelan a los mejores 15 jugadores de la temporada (исп.). LA LIGA EA SPORTS (19 Mayo 2023). Текшерилген күнү 10 Апрель 2024.
  40. Seven from FC Barcelona in the Team of the Season (англ.). FC Barcelona (23 May 2025). Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2025.
  41. Pedri González, Best Under-23 Player in LALIGA EA SPORTS for October (англ.). LA LIGA EA SPORTS (29 October 2024). Текшерилген күнү 31 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  42. Pedri, LALIGA EA SPORTS Player of the Month for April (англ.). La Liga (24 April 2025). Текшерилген күнү 29 Апрель 2025.
  43. Pedri, LALIGA EA SPORTS Best Goal in August (англ.). La Liga (10 September 2025). Текшерилген күнү 10 -сентябрь (аяк оона) 2025.
  44. PSG history-makers named in The Best Men's 11 (англ.). FIFA (17 December 2025).