Мазмунга өтүү

Пекарский Эдуард Карлович

Википедия — ачык энциклопедия

Пекарский Эдуард Карлович [13 (25). 10. 1858, Россия империясы, Минск губерниясы, Игумен уезди – 29. 6. 1934, СССР, Ленинград шаары] – советтик тилчи, этнограф, фольклорист. СССР Илимдер Академиясынын ардактуу академиги (1931). Харьков ветеринария институтун бүтүргөн (1878). Народниктер кыймылына катышкандыгы үчүн Якутияга сүргүнгө айдалган (1881). Орус географиялык коомунун Чыгыш Сибирь бөлүмүнүн экспедициясына (1894-96) жана Аян-Нелькан экспедициясына (1903) катышкан. 1905-ж. сүргүндөн кайтып келип, «Живая старина» журналынын редактору (1914-17), СССР Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери (1918-34) болуп эмгектенген. Негизги эмгеги – «Якут тилинин сөздүгү» (1–13-чыгарылышы, 1907–30; 2-басылышы, 1–3-том, 1958, авторлош). Э. Пекарскийдин якуттар менен эвенкилердин этнографиясы жана экономикасына арналган эмгектери бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]