Пекин-Дасин (аэропорт)
Көрүнүш
Пекин Дасин эл аралык аба майданы ( кыт. жең. 北京大兴国际机场, пиньинь: Běijīng dàxīng guójì jīcháng) — Кытай Эл республикасынын Пекин шаарындагы жарандык аба майданы. Курулуш иштери 2016-жылы март айында башталган. Курулушка 60 миллиард доллар жумшалган. Аэропорт 30-сентябрдан тарта иштеп баштайт. Анын жалпы аянты - 1 миллион чарчы метр. Анда төрт учуп-конуучу тилке жайгашып, жылына 620 миң рейс кабыл ала алат. "Дасин" аэропорту дүйнөдөгү эң ири эл аралык аэропорт-хаб катары таанылды. Анын темирден жасалган чатырына 25 футбол аянтчасы батат.