Мазмунга өтүү

Пенчул

Википедия — ачык энциклопедия

ПЕНЧУЛ – 10-кылымдагы Чыгыш Түркстандагы шаар. Кытайча Выньсу аталган. Ал азыркы Үч-Турпандын ордунда болгон. «Худуд ал-Аалам» эмгегинде пенчул «халлухтар (карлуктар) жайгашкан аймактан орун алган, эзелки убакта анын бийлик ээси тогуздардан эле, азыр аны хырхыздар (кыргыздар) бийлеп жатышат», – деген маалымат бар.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.