Пергамент
Пергамент (гр. Pergamos—Пергам) — иштетилип кургатылган жанa аки-таш сус- пензиясы кошулуп жумшартылган такыр теринин бир түрү.
1) Мал Пергаменти малдын (музоо, козу, улактын) терисин атайын иштетүүдөн алынат; бышыктыгы (үзүүгө бекемдүүлүгү) 100— 120 МПа (10—12 кгк/мм2). Тех. тетиктерди жанa муз. аспаптарды жасоодо колдонулат.
2) Өсүмдүк II.— күкүрт кислотасы менен иштетилген соң жуулуп, пластификадияланылып, кургатылат; ал сууну, майды өткөрбөйт, орточо тунуктукка ээ. Пергамент орогуч материал, фармацевтикалык стерилдүү материал катары жанa диализде колдонулат.
Жасалма Пергамент кагаздын бети атайын мездр желими менен иштетилип даярдалат. Ал металл буюмдарын ороодо пайдаланылат.
Б. з. ч. 2-кылымда Пергамент жазуу материалы катары кеңири колдонулган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.