Пердью Университети
Пердью Университети (англ. Purdue University) - Индиана штатындагы Батыш Лафайетте жайгашкан. Ал мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат жана Пердью университеттик системасынын башкы кампусу болуп саналат. Университет 1869-жылы негизделген. Аны бизснесмен Джон Лафайетт илимий, технологиялык, жана айыл чарбалык колледжин түзүү үчүн жер алып, өз акчасына ачкан. 1874-жылы 16-сентябрда 39 студент жана 6 мугалим менен эң биринчи сабактары өткөн.
Батыш Лафайетт кампусунда 200дөн ашуун бакалавр, 69дөн өйдө магистратура жана доктордук программалары бар, жана ошондой эле профессионалдык даражалар боюнча фармация менен ветеринария тармактарын сунуш кылат. Мындан тышкары, университетте 18 колледждер ортосундагы спорт командалары жана 900дөн ашык студенттик уюмдар бар. Пердью Big Ten жыйынынын мүчөсү болуп саналат. Ал Индиандагы башка университеттерге караганда эң көп студенттерди кабыл алып, штат боюнча экинчи орунду ээлейт. Ал эми чет өлкөлүк студенттердин саны боюнча Америка Кошмо Штаттарда төртүнчү орунда турат.