Перенко Пётр Яковлевич

Википедия дан
Перенко Пётр Павлович‎»‎ барагынан багытталды)

Перенко Пётр Яковлевич (1921, Чүй облусу, Кант району, Дмитриевка айылы – 1976, ошол эле жер) – кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1947–60-жылдары Кант районундагы Калинин атындагы колхоздо бригадир, 1973–76-жылдары кызылча өстүрүүчү бригаданын звено башчысы. Ал башкарган бригада 1956-ж. 235 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 560- 570 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
  • Герои Социалистического Труда Киргизстана. — Фрунзе: Изд. «Кыргызстан», 1966
  • Дикамбаев К. Д., Киргизия в семилетке, Государственное издание политической литературы, 1966, стр. 44