Персия алма-четини

Википедия дан

Персия алма-четини (лат. Sorbus persica, Hedl) - Бийиктиги 5 м ге чейин жеткен дарак. Бир жылдык өркүндөрү кызгылтым-бозомук, түксүз же сейрек түктүү. Жалбырактары жөнөкөй эллипстей же узунча-ланцеттүү, узундугу – 5-8 см, туурасы – 4-6 см, анча терең эмес айчыктуу, калың, үстү жагы жылаңач, асты ак кийиздей түктүү, гүл тобу аз гүлдүү. Гүл сабы гүлдөгөн маалда ак кийиздей түктүү (булалуу), кийинчерээк жылаңачтанат. Желекчелери ак, түп жагына карай кууш. Мөмөсү шар сымал же сүйрү, саргыч- кызыл көгүлтүр мом катмарлуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Изилденбеген.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк Иран, Түркмөнстан (Борбордук Копетдаг), Памир- Алай жана Батыш Тянңшанң (Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан). Кыргызстанда: Талас, Кыргыз, Узун-Акмат, Фергана, Көкийримтоо жана Чыгыш Акшыйрак тоо кыркаларында кездешет. Кээбир жерлерде анын жакын аралыктарда өскөнүн гербарий чогултуудан божомолдосо болот.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Капчыгайлардын ичинде учурайт.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өтө чектелген, жалгыздан учурайт.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элдик кол өнөрчүлүккө массалык түрдө кыюу. Начар калыбына келүүсү.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1967-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Ботаникалык багында өстүрүлүп келет. Өсүмдүктүн өсүшү өтө начар. Гүл байлабайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомунун негизинде 1975-жылдан бери мамлекеттик коргоого алынган. Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985) катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн азыркы кездеги абалын аныктоо.Сакталып калган экземплярларын каттоого алып, Көкарт суусунун агымынын ортоңку нугунда (Тогузтороо району) ботаникалык заказник уюштурса, персия алма-четининен башка дагы сейрек кездешүүчү түрлөр коргоого алынат.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU. Декоративдүү эндем түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]